Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Пакистанда cогушкерлер жүргүнчү ташыган учакка кол салды


Пешавар шаарында бутага алынган учактагы бир адам мерт кетти. Эки киши жараат алды. Окуя 24-июнда болду. “Пакистан эл аралык авиакаттамы” ишканасынын учагы Сауд Арабиясынан 178 жүргүнчү менен келип конордо согушкерлер ок аткан.

Жараат алгандардын экөө тең борт кызматкери, ал эми ооруканага жетээрде каза тапкан аял жүргүнчү экенин полиция маалымдады. Күч кызматкерлери жана коопсуздук өкүлдөрү аэропортту курчоого алып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ушул айдын башында Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарынын аэропортуна да кол салынган эле.

XS
SM
MD
LG