Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Дмитрий Цойдун үстүнөн сот иши башталат


“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун үстүнөн соттук териштирүү бүгүн башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Цойду ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы 6-майда кармаган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна аткан деп шектелүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат.

Эки ай мурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Цой 6-июлга чейин №1 тергөө абагына камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG