Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү эмки жумада уланат


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды азайтуу жана тилкелерди аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр кийинки аптада Бишкекте уланат. Шейшемби күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алып, жогорудагы маселени жана экономикалык кызматташтыкты талкуулаган. Өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдиргендей, ушул күндөрү эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Сүйлөшүүлөр бүтүп, эксперттер бир чечимге келгенден соң, келерки жумада Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери тийиштүү документтерге кол коюшат.

Соңку кездердеги кыргыз-тажик чек арасында жашаган жергиликтүү тургундар арасындагы чыр-чатактар эки мамлекеттин орчундуу көйгөйүнө айланган. (SE)

XS
SM
MD
LG