Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок


“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы ошо бойдон калды. Жогорку Сот бүгүн шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. 6-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Цойду 6-июлга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. 28-майда шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Бирок Цойдун адвокаттары ага макул болбой Жогорку Сотко кайрылган.

Дмитрий Цой 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна аткан деп шектелүүдө. Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG