Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бишкекте Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөсү өтүүдө


Баш калаада өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Бул тууралуу эки күндүк көргөзмөнүн уюштуруучусу “Фридом хаустун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дүкенбаев билдирди.

- Көргөзмө “Азимжан Аскаровдун чыгармачылыгы: абакка чейин жана кийин” деп аталат. Анын мурда жана абакта тарткан эмгектери коюлду. Ал эркинин күчтүүлүгүн абакта да көрсөтүп, чыгармачылыгын таштаган жок.

Көргөзмө 26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бирок анын жактоочулары сот чечими адилетсиз болгонун, тергөө көп жагдайларды эске албаганын айтып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG