Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Ооганстандагы АКШ аскерлеринин жетекчилиги алмашат


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык аскерлердин башчылыгына генерал Жон Кэмпбеллди сунуштады. Ал жакында башка кызматка которулган Жозеф Данфорддун ордуна барат.

Учурда Кемпбелл жөө аскерлердин штаб башчысынын орун басары кызматын ээлеп турат. Эми ал америкалык күчтөрдүн Ооганстандан чыгаруу жараянын башкармакчы. Быйылкы жылдын соңуна чейин Ооганстанда 33 миң аскердин 10 миңи гана калат. Алар ооган армиясына кеңеш берип турат. (RK)

XS
SM
MD
LG