Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Украинада жикчилер атышууну токтото туруу режимин бузууда


Соңку үч күн аралыгында Украинада жикчилер ок атышууну токтотуу режимин бузган 44 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн антитеррордук операция штабынын маалымат катчысы Владислав Селезнев билдирди. Анын айтымында, соңку бир нече саат ичинде эле Славянсктын четиндеги Карачун тоосунда жана Красный Лиман кыштагында алты жерде ок чыгарылды.

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда соңку айларда айыгышкан салгылашуулар уланып, тараптар 20-июнда атышууну бир жумага токтото турууга макул болгон. Бирок президент Петро Порошенко эгер жикчилер режимди бузса келишим күчүн жоготорун эскерткен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG