Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Орусия Украинага аскердик кийлигишүү чечимин кайра жокко чыгарды


Орусиянын Федерация Кеңеши бүгүн орус армиясына Украинанын аймагында күч колдонууга уруксат берген токтомун кайра жокко чыгарды. Бул чечимди 153 сенатор колдоп, бирөө каршы чыкты. Токтом быйыл март айында кабыл алынган. Владимир Путин аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Австрияда жакында өтө турган жолугушууга байланыштуу кайрылганын айтты. Үч тараптуу жыйында Украинадагы кризисти жөнгө салуу маселеси талкууланмакчы.

Украинанын президенти Петро Порошенко Путиндин бул чечимин Орусиянын кризистен чыгуу боюнча жасаган алгачкы кадамы деп баалады. (RK)

XS
SM
MD
LG