Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Түрк академиясы түзүлөт


Төрт түрк тилдүү мамлекет Түрк академиясын ачмай болду. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим бүгүн Жогорку Кеңеште ратификацияланды. Академия илимий изилдөөлөрдү жүргүзмөкчү. Анын окумуштуулар кеңешинин курамы төрт жыл сайын жаңыланып турат.

Академия Астана шаарынан орун алат. Долбоордун биринчи бөлүгүн каржылоону Казакстан өзүнө алып жаткандыктан илимий кеңештин төрагалыгына алгач казак өкүлү дайындалат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG