Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин КСДП жана “Ар-намыс” фракциялары тарабынан жакында кабыл алынган “Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү” чечимин негизсиз деп эсептейт.
Аманбаев анын себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:
- Бул Кыргызстандын Конституциясына, “Омбудсмен жөнүндөгү мыйзамга”, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык коомчулук тарабынан таанылган принциптерге каршы келет. Мен өткөн жылы болгону эки жарым ай иштегем. 2013-жылга карата жумуштан кемчилик таап, жумуштан кетирүүгө аракет кылуу туура эмес. Анткени ал кезде менин ордумда башка адам отурган.
Ушул айдын башында парламент акыйкатчынын 2013-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Бакыт Аманбаев акыйкатчы кызматына былтыр 3-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты Турсунбек Акун аркалаган. (SE)