Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Карамушкина: Келдибеков күнөөсү жоктугун сотто далилдесин


КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Келдибековду үй камагына чыгарууга каршы. Бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып ал депутаттарды өз кишисине жан тартып мыйзам бузууга барбоого чакырды.

- Биздин партиялашыбыз Иса Өмүркуловго карата кылмыш иш козголгондо жол тосуп, аны бошоткула деп эч кимден талап кылган эмеспиз. Азыр да соттун ишине кийлигишпей, чечимди күтүп жатабыз. Эгер Өмүркулов таза болсо, аны соттон далилдесин, - деди Карамушкина.

Кечээ парламент "Ата-Журт" фракциясынын сунушу боюнча Келдибековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Жогорку Сотко жолдогон. Бирок бул токтомго каршы добуш бергендер да болгон.

"Ата-Журттун" депутаты Акматбек Келдибеков коррупция үчүн айыпталып былтыр күзүндө УКМКнын тергөө абагына камалган. КСДП мүчөсү, экс-мэр Иса Өмүркуловго да коррупцияга аралашкан деген айып менен быйыл жазында кылмыш иш козголгон. Бирок ал камакка алынган эмес, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Карамушкина бүгүн ошондой эле Келдибеков боюнча токтомго макул деп добуш берген партиялаштарын "президент Атамбаевдин коррупцияга каршы аракетине карата чыккынчылык кылдыңар" деп айыптады. (RK)

XS
SM
MD
LG