Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Өкмөттүн миграция саясатына каршы “Вазелин” аттуу акция өттү


Бүгүн Бишкекте, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграция башкармалыгынын алдында “Вазелин” аттуу флеш-моб өттү. Акциянын уюштуруучусу, “Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин башчысы Тимур Саралаевдин айтымында, учурда тиешелүү министрликтер миграциялык саясатты туура эмес жүргүзүп жатат:

- Чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда иштөөгө канча адамга квота берилгенин так билишпейт. Биз өз жарандарыбызды иш менен камсыздай албай жатып жыл сайын 13 миңге жакын чет элдик жаранга иштөөгө уруксат беребиз. Ошол эле учурда биздин мекендештер ар кайсы жерде иш издеп жүрөт. Квота алгандардын 80 пайызы кытайлар. Алар бул жакта жакшы шартта көп айлык алып иштеп жатса биздин жарандар ишсиз отурат.

Саралаев кошумчалагандай, Кыргызстан чет элдик жарандарга "майлап-сүттөп жакшы шарт түзүп берип жатканын чагылдыруу үчүн акция “Вазелин” деп аталды.

Ал эми министр Алиясбек Алымкулов бүгүнкү акцияда айтылган сын негизсиз экенин, миграциялык саясатты жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын айтууда. "Азаттыкка" жооп берип жатып ал чет элдиктер үчүн квота былтыр 13 миң болсо, быйыл 10 миңге түшүрүлгөнүн билдирди. (UEz)

XS
SM
MD
LG