Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

Жапонияда быйылкы жылдагы алгачкы өлүм жазасы ишке ашырылды


68 жаштагы Масанори Кавасаки өлүм жазасына бүгүн дарга асуу жолу менен тартылды. Ал үч адамды, анын ичинде үч жашар кызды өлтүргөнү үчүн айыпталган. Окуя 2007-жылы болгон.

Жапониянын юстиция министри Садаказу Танигакинин айтымында, ал өтө мыкаачылык менен жасалган бул кылмыштын күнөөкөрүнө өкүмдү ишке ашырууну “кылдат иликтөөдөн” кийин буюрду.

Ушуну менен 2012-жылы Жапонияда премьер-министриликке Синдзо Абе бийликке келгенден бери 12 киши өлүм жазасына тартылды. Жапония өнүккөн демократиялык мамлекеттер арасынан өлүм жазасын сактап жаткан эки өлкөнүн бири. Эң жогорку жаза Кошмо Штаттарда да бар. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG