Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Президент 351 адамга Кыргызстан жарандыгын берди


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Мындай маалыматты президенттин аппараты таратты.

Маалыматка ылайык, 351 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилген. Алардын 330у чоң кишилер жана 21и балдар. Жарандык алгандардын басымдуу көпчүлүгү Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар.

Ошол эле учурда 388 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккан. Алардын 298и чоңдор болсо, 90у балдар.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жарандыкка кабыл алууга жана чыгарууга президент гана укуктуу. Өлкөдө кош жарандуулукка тыюу салынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG