Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Казакстанда спортчулардан гимнди билүү талап кылынат


Мындай талап “Дене тарбия жана спорт тууралуу” жаңы мыйзамдын жоболорунун биринде айтылат. Документти парламенттин жогорку палатасы - Сенат бүгүн бекитти.

Мыйзамга гимн тууралуу атайын жобонун киришине казак спортчулары катышкан айрым эл аралык мелдештерде эски гимн же такыр башка эле музыка ойнолгон учурлар түрткү бергендей.

Буга байланыштуу эң чуулгандуу окуя 2012-жылдын мартында Кувейтте болгон. Казак спортчусу Мария Дмитриенко ок атышуу боюнча мелдеште алтын медал алганда казак гимни катары “Борат” сатиралык фильминен алынган ыр ойнолгон.

Мелдештин уюштуруучусу Кувейт казак бийликтеринин нааразылыгынан кийин кечирим сураган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG