Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Үч жашар кызын зордуктаган жаран 24 жылга кесилди


Өзүнүн үч жаштагы кызын зордуктап, ден соолугуна оор залака тийгизген деген айып менен кармалган Үсөн Сакатаев күнөөлүү деп табылды. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 24 жылга кести. Жаза мөөнөтүн Сакатаев күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өткөрөт. Ал эми соттук териштирүүнү негизсиз создуктурганы үчүн анын адвокаты Азамат Булатовго байланыштуу аныктама Юстиция министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттон кабарлашты.

Үсөн Сакатаев былтыр 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мас абалында кызын сабап, зордуктаган деген шек менен кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG