Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

Ирак армиясы согушкерлерге тик учактан сокку урду


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, армиянын тик учактары исламчыл согушкерлер менен кагылышуулар жүрүп жаткан Тикрит шаарынын университетине караштуу стадионго конушту.

Мамлекеттик телеканал аскерлер Тикрит университети ичинен “ондогон террорчуларды жок кылып”, имаратты көзөмөлгө алганын кабарлады. Бирок бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Суннит согушкерлери мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин кичи мекенин 10-июнда чабуул башташкандан эки күндөн кийин басып алган.

Андан бери “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобу Ирактын түндүгү менен батышынын ири бөлүгүн көзөмөлдөп жатат. (UE )

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG