Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Түлеевдин соту эки аптадан кийин уланат


Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча соттук териштирүү 15-июлга калды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. 25-июнга белгиленген жараян соттолуучунун жактоочусу алмашкандыгына байланыштуу болбой калды. Адвокат жазык иштери менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Экс-мэр, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев “калаа башчысы болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен 2012-жылы августта камакка алынган. Былтыр Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Депутат буга макул болбой, шаардык сотко арызданган. (SE)

XS
SM
MD
LG