Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Сузакта беш жашар баланын сөөгүн суудан алып чыгышты


Жалал-Абаддын Сузак районунда беш жашар бала сууга агып кетип каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык кечээ, 26-июнда Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылында катталган.

Түшкө маал 2009-жылы туулган Искендер Уланкадыров таятасы Орозалы Раимжановдун атына учкашып, Көк-Арт дарыясынан өтүп бара жатып көпүрөдөн сууга кулап түшкөн. Баланы издөөгө куткаруучулар, туугандары жана айыл тургундары катышып, кечинде жансыз денеси табылган.

Ошондой эле кечээ Чүйдө бир мас адам сууга чөгүп каза тапты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG