Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерлери митингге чыкты


Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын кызмкаткерлери нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкананын жетекчи орун басары Павел Клименко кабарлады. Анын айтымында, ишкананын 300гө жакын кызматкери жаңы дайындалган жетекчи Замир Асанбаевге каршы чыгууда. Асанбаев ишкананы буга чейин жетектеп, 2010-жылы Апрел окуясынан кийин кызматтан алынган. Митингчилер ошондуктан анын кызматтан бошотулушун талап кылууда.

Бишкек мэриясы акция өтүп жатканын тастыктап, “Тазалыктын” кызматкерлери менен шаар жетекчилиги жолугарын билдирди.

“Тазалык” ишканасынын жумушчулары буга чейин да үч айдан бери айлык ала электигине нааразы болуп, иш таштаган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG