Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Абдулланын тарапкерлери добуштарды калыс эсептөөгө чакырышты


Ооган президенттигине талапкер Абдулла Абдулланын миңдеген жактоочулары Кабылда жүрүшкө чыгышты. Алар 14-июндагы шайлоонун экинчи айлампасында Абдуллага берилген добуштар бурмаланбасын талап кылып, “Көз боемоочулукка өлүм”, “Ганиге өлүм” деп кыйкырышты. Ашраф Гани президенттикке экинчи талапкер.

Кээ бир протестчилер Абдулланы колдогон “Жамият е-Ислами” партиясынын желегин булгалап жүрүштү. Тынч демонстрацияга Абдулла вице-президенттикке талапкер көрсөткөн Мухаммед Хан жана Мохаммед Мохакек да катышты.

Ашраф Гани 26-июнда жарыялаганга караганда, аны 4,2 миллион шайлоочу колдогон, Абдулла Абдулла үчүн 2,9 миллион адам добуш берген.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 2-июлда, корутунду жыйынтыгы 22-июлда маалымдалууга тийиш.

XS
SM
MD
LG