Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Жалал-Абадда энелер менен балдардын өлүмү талкууланды


Облуста төрөт курагындагы энелердин өлүмү азайганы менен бир жашка чейинки ымыркайлардын өлүмү көбөйүүдө. Бул тууралуу облустук активдин кеңейтилген жыйынында айтылды.

Быйыл беш айда наристелердин өлүмү Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарларында, Тогуз-Торо районунда былтыркыга салыштырмалуу көп катталган. Ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө ар түрдүү оорулар себеп.

Мындан тышкары аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги да белгиленди. Маселен, Аксы районунда 22 врач жетишпейт, ал эми райондун Акжол айылында бир да врач жок. Бул тууралуу жыйынга көз салган "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирет. (YA)

XS
SM
MD
LG