Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Обама республикачыларга каяша айтты


АКШ президенти Барак Обама сенаттагы республикачылардын өзүнө койгон айыбына каяша айтып, аны айлакерлик деп баалады. Ушул жумада Конгресстин өкүлдөр Палатасынын спикери Жон Бейнер Обаманы сотко берерин билдирген.

Бейнер президентти мыйзам бузду, кызмат абалынан аша чаап кетти жана чечимдерди Конгресс менен кеңешпей туруп кабыл алууда деп айыптоодо.

АВС телеканалына маек берип жатып президент Обама Бейнер алиге чейин конкреттүү кандай кине койгонун ачыктабай жатканын белгиледи.

Ошондой эле Обама Бейнер баштаган республикачылар иши кылып эле президентке каршы турмайга өтүп алышты деген оюн билдирди.

Бейнер президентти республикачылар көзөмөлдөгөн өкүлдөр палатасынын атынан сотко берүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Бирок бул президентке импичмент жарыялоо эмес деп тактайт ал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG