Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Гонконгдо референдум өтүп жатат


Гонконгдо 3,5 млн. шайлоочу демократиялык реформаларды жүргүзүү жана аткаруучу бийликтин башчысын шайлоо жөнүндө расмий эмес референдумга катышууда. Аткаруучу бийликтин башчысы ушул тапта 1200 кишиден турган коллегия тарабынан шайланат. Кытай бийлиги 2017-жылы түз шайлоо өткөрүүнү убада кылууда. Бирок өкмөт талапкерлердин тизмесине кийлигишүү укугун сактап калууга аракет кылып жатат. КЭР бийлиги Гонконгдогу референдумду мыйзамсыз деп атоодо.

Гонконг – Кытай Элдик Республикасынын административдик району, дүйнөдөгү каржы борборунун бири деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG