Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Украинада ЕККУнун туткундагы байкоочуларынын экинчи тобу бошотулду


Украинанын Луганск облусунда жикчилердин барымтасында турган Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун төрт байкоочусу бошотулду. Бул тууралуу ЕККУнун Фейсбуктагы баракчасында жазылды. Байкоочулар орусиячыл жикчилер тарабынан май айында туткунга алынган эле.

Байкоочулардын биринчи тобун жикчилдер 27-июнда бошоткон. Барымтага алынгандарды бошотуу Донбасстагы келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча президент Петро Порошенконун тынчтык планындагы шарттардын бири болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG