Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Психиатриялык ооруканаларды кайтаруу күчөтүлөт


Кыргызстандагы психиатриялык ооруканаларды маанилүү объекттерди кайтаруу тизмесине киргизүү сунушталууда. Бул маселенин үстүндө учурда өкмөт иштеп жатканы бүгүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өткөргөн жыйында маалым болду.

Быйыл Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада жаткан Заур Магомедов сыртка чыгып кетип, Балыкчыда эки милиция кызматкерине кол салган.

Соңку беш жылдан бери Чым-Коргондогу ооруканадан 132 оорулуу качып, дарыгерлерге кол салуу учурлары да болгон. Кол салуудан 1 дарыгер каза тапкан.

Ал эми былтыр Бишкектеги республикалык диспансерден качып чыккан бейтап 3-кичи райондун эки тургунун бычактап салган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG