Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Тариф маселеси парламентте талаш жаратууда


Электр энергиясына тарифтерди ким аныкташы керек деген маселе учурда парламентте кызуу талкуу жаратууда. Тармактык комитеттин жетекчиси Кожобек Рыспаев "өкмөт тарифти аныктоодо парламенттин макулдугун алышы керек" деген норманы алып салуу тууралуу сунуш киргизилип жатканын айтты. Бирок буга айрым депутаттар каршы чыгып, андай болгондо өкмөт тарифти өзү билгендей коюп, элдин нааразылыгын жаратышы мүмкүн деген оюн айтты.

Депутат Дастан Бекешов өкмөт быйыл 1-июлдан тарта тарифти көтөрүү тууралуу сунушун кайра чакыртып алганы менен ушундай жол аркылуу кымбаттатууга барышы ыктымал деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоор экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG