Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Иракта халифат жарыяланды


Өкмөттүк аскерлердин Тикрит шаарын кайра алуу максатында чабуулу уланып жаткан чакта сунилер баштаган жихадчылар Ирак менен Сириянын аймагында «халифат» түзүлгөнүн жарыялашты. Халифат бул исламдык мамлекет жана аны бир диний-саясий лидер – халиф башкарат. Армиянын тик учактары бүгүн козголоңчулардын турумдарына сокку уруп, Тикриттин ар кайсы бөлүктөрүндө кагылыштар жүрүүдө. "Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекети" деп аталган диний радикал топтун күчтөрү бул шаардын көп оодандары менен катар Ирактын түндүгүндөгү жана батышындагы бир топ жерлерди ушул айда каратып алышты. Ал арада ирак өкмөтү Орусиядан "Сухой" үлгүсүндөгү беш согуш учагын алгандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG