Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Чаткалда сууга чөккөндөр мектеп бүтүрүүчүлөрү экени аныкталды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 28-июнь күнү сууга чөгүп кеткен бир туугандар мектеп бүтүрүүчүлөрү экени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каныш-Кыя айыл аймагындагы Айгыр-Жал айылынын Матиш уулу Исмаил атындагы орто мектебинин 10 бүтүрүүчүсү Ак-Көл көлүнө эс алууга барып, бир туугандар 1996-жылы туулган Наргиза Байысбекова менен 1995-жылкы Азат Байысбеков сууга чөгүп кетишкен. Маалыматка ылайык, балдар мектепти аяктаганын белгилөө үчүн жаратылышка чыккан. Сууга түшүү учурунда алгач бешөө чөгө баштаган. Айыл тургундары үч баланы куткарып калышкан.

Чөгүп кеткен бир туугандардын сөөгү суудан чыгарылып, райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилген. Милиция окуя боюнча тергөө жүргүзүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG