Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Франция: Орусия менен Украина элдешүү боюнча иштешүүгө макул


Франция президентинин кеңсеси Путин менен Порошенко чыгыш Украинадагы ок атышууну токтотуу келишими жана чек араларды тез арада бекемдөө боюнча макулдашканын бышыктады. Франсуа Оланддын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө ылайык, Владимир Путин менен Петро Порошенко ошондой эле барымтага алынгандарды бошотуу жана туткундар менен алмашуу тууралуу да макулдашты.

Бүгүн Путин, Порошенко, Олланд жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдер телефондон сүйлөшүшкөн эле. Украин армиясы менен Чыгыш Украинадагы сеператисттердин ортосундагы убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү бүгүн кечинде аяктап жатат.

XS
SM
MD
LG