Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы боюнча конкурсту министрлик “Улут жүзү” коомдук фонду менен биргеликте жарыялаган. Конкурска катышкандардын ичинен 9 дизайнердин эскиздери коомчулуктун кароосуна коюлган. Бүгүн “Хаят” мейманканасында формалардын мыктысы тандалып алынат. (AiT)