Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Сотторду тандоо кеңешинин иши токтоп калды


Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Анын айтымында, кеңештин азыркы мүчөлөрүнүн мөөнөтү аяктоо алдында турат. Ошондуктан алар сотторду тандоо ишин жүргүзө албайт. Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешине жаңы мүчөлөрдү шайлоону күзгү сессияга калтырды.

Депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, буга “Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизилүүсү себеп болду.

Азыркы кезде Кыргызстандын сот системасында 90дон ашуун судья жетишпейт. Бул жалпы судьялардын төрттөн бири экенин Осмонов белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG