Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Парламенттеги “республикачылар” лидерин алмаштырды


Парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери алмашты. Фракциянын азыркы курамындагы жана андан өзүнчө топ болуп бөлүнгөн депутаттардын чечими менен мурдагы лидер Максат Сабировдун ордунда Абдыжапар Бекматов шайланды. Бекматовдун талапкерлигин 18 депутаттын 12си колдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги өздүк булактар кабарлады. Маалыматты Абдыжапар Бекматов өзү да тастыктап, чечим 30-июнда кабыл алынганын билдирди.

Сабиров лидерлик кызматка үч жума мурун келген болчу. Ага чейин фракцияны Назарали Арипов башкарган. Лидер алмаштыруунун себептери азырынча ачык айтыла элек.

"Республика" партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 23 мандат алган. Кийинчерээк айрым депутаттар "Өнүгүү" жана "Бир бол" партияларына, айрымдары фракцияга кирбеген депутаттык топторго өтүп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG