Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Орусиядан келе турган акчанын бир бөлүгү ипотекага жумшалат


Кыргыз-орус инвестициялык фонду аркылуу Орусия Кыргызстанга бере турган акчанын 100 миллион доллары ипотеканы өнүктүрүүгө жумшалат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине үй берүү салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн алгачкы жылдарына колдоо көрсөтүү үчүн Орусия 1 миллиард доллар берүүнү убада кылган. Ал акча жаңы түзүлүүчү кыргыз-орус фонду аркылуу келет. Бирок анын түптөлүп, толук кандуу иштей башташына кеминде 2 жыл кетерин өкмөт айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG