Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

Жалал-Абадда ажыга баруучулар тандала баштады


Облустун борбордук мечитинде бүгүн, 1-июлда өткөн чүчү кулак кармоого Жалал-Абад шаарынан ажыга баруучулар катышты. Жыйынтыгында мындай укукка 231 адамдын 97си ээ болгонун "Азаттыкка" облбийликтин башкы адиси Абдулла Камбаров билдирди.

Чүчү кулак кармоо эртең Сузак районунда, кийинки күндөрү Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Букада өткөрүлөт. Ажыга баруу ниети менен облустун 1710 жараны арыз менен кайрылган. Ал эми облуска бөлүнгөн квотанын жалпы саны 768. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG