Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Монополияга каршы мекемеге жаңы жетекчи дайындалды


Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке Болсунбек Казаков жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн өкмөт башчы кол койду. Казаков буга чейин Экономика министрлигинде банкрот иштери боюнча башкармалыкты жетектеп келген.

Монополияга каршы мекеменин мурдагы жетекчиси Бабырбек Жээнбеков ири суммадагы парага байланыштуу ызы-чуудан кийин иштен алынган. Бирок ал өзү күнөөсүз экенин айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG