Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

Күйүүчү май кымбаттоодо


Кыргызстанда июль айынын ортосунан күйүүчү майдын кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, Орусиядагы “Роснефть” заводуна караштуу Ачин мунайды кайра иштетүүчү ишканасында жакында болгон авария кымбаттоого шарт түзүп жатат:

- Учурда Орусиядагы мунай продукциялары 10-20 пайызга чейин кымбаттады. Ал жактан бизге продукция жогору баада келип, нарктын ашышына негиз болот. Андан сырткары, мунай өндүргөн өлкөлөрдүн бири Ирактагы кырдаалдан улам да кымбатто болууда.

Керимкуловдун айтымында азырынча баа канча пайыз өсө турганы жөнүндө так анализ чыгарыла элек. Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын 90 тонна запасы бар.

Ушул күндөрү бензин жана керосин түрүнө карай 36 сомдон 47 сомго чейин сатылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG