Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуш боюнча иш козголду


Жалал-Абад шаардык прокуратурасы Ленин жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол жээгине эки кабаттуу соода борбору мыйзамсыз курулганын аныктады. Бул тууралуу облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Шабданбек Азимжанов билдирди.

Аталган факт боюнча Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын, «Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн, Мамлекеттик экспертиза департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине жана мэриянын шаар куруу боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Алар курулуш эрежелерин бузуп, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн күнөөлөнүп жатат. Тергөө уланууда.

Буга чейин тартип коргоо органдары шаардагы курулуп жаткан 49 объектте текшерүү жүргүзүп, 8инде мыйзамсыз курулуш башталганы аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG