Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Нарын: Абактагы ачкачылык ооруканада уланууда


Нарында абакта жатып ачкачылык жарыялаган эки жаран нааразылык акциясын эми ооруканада улантууда. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Нарын облусундагы өкүлү Эркин Асаналиевдин бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, абалы начарлап бараткандыктан догдурлар аларды облустук ооруканага эки күн мурда которгон.

- Травматология бөлүмүндө жатышат. Өзүлөрү басып-туруп жүргөнү менен арыктап кеткени байкалууда, - деди Асаналиев.

Ачкачылык кармап жаткандар 20-февралда Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп шектелип камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы жана иш кайра башынан тергелишин талап кылып жатат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге карата кылмыш иши козголгон.

20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Бул чыр боюнча 10 адам камакка алынган. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG