Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Коргоо кеңеши: Энергетикадагы коррупция менен күрөш солгун жүрүүдө


Кыргызстандын энергетика тармагындагы системалык коррупцияны жоюу иши солгун жүрүүдө. Коргоо кеңешинин катчылыгы бүгүн тараткан маалыматка караганда, быйыл 4-мартта кабыл алынган план боюнча июнь айына чейин 35 иш жасалышы керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө карата анын 25и гана аткарылды.

Буга убакыттын аздыгы, маселени түшүнбөгөндүк, мекеме аралык кызматташтык механизмдеринин жоктугу жана коррупция менен күрөшүүнү жакшы билген адистердин жетишсиздиги себеп болгону айтылды.

Кызматка тааныш-билиштерди алуу, энергияны уурдоо, мамлекеттик сатып алууда “өз компанияларын” тандоо, оңдоо иштерин жүргүзүүдө бааны кымбат көрсөтүп, ашкан акчаны жымырып алуу саяктуу көрүнүштөр энергетикадагы коррупцияга себеп экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG