Жалал-Абаддын Сузак районундагы “Жылан-Темир” жана Аксыдагы “Кашка-Суу” балдардын эс алуу лагерлери быйыл иштебейт. Буга имараттардын эскилиги, чатырынан суу өткөндүгү себеп болууда. “Жылан-Темирге” алып баруучу жолдун көпүрөсү да бузулган. Бул тууралуу балдардын жайкы эс алуусуна арналган облустук кеңешмеде айтылды.
Быйыл облус аймагындагы 15 лагерде 2350 баланы эс алдыруу пландаштырылган. (YA)