Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Бишкекте түркмөн элчилиги ачылат


Түркмөнстан Кыргызстанда өз элчилигин ачмай болду. Кыргыз Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, бул тууралуу Түркмөнстандын ТИМ башчысы Рашид Мередов Ашгабадда Кыргызстандын өкүлү Нурлан Абдрахманов менен жолугушууда айтты. Ошондой эле ал түркмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедов элчилик ачуу жөнүндөгү жарлыкка кол коюп жатып бул эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө багытындагы маанилүү кадам экенин белгилегенин кошумчалады.

Расмий Бишкектин өкүлчүлүгү Ашгабадда 1994-жылы эле ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG