Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Украин күчтөрү чыгышта аскерий операцияcын кайра баштады


Элге кайрылуусунда президент П.Порошенко "өлкөнү тазалайбыз" деди, Киев, 30-июнь, 2014
Элге кайрылуусунда президент П.Порошенко "өлкөнү тазалайбыз" деди, Киев, 30-июнь, 2014

10 күндүк ок атпоо келишими кризисти чече албагандан кийин бүгүн таң эртелеп украин өкмөтү өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл сепаратисттерге каршы аскерий операциясын кайра баштаганын кабарлады. Бул тууралуу парламент спикери Олександр Турчинов депутаттарга “азыр өкмөттүк аскерлер террористтердин базаларына жана уюктарына чабуул жасап жатышат” деди.

Президент Петро Порошенко дүйшөмбүнүн кечинде ок атпоо келишимин кайра жаңыртпай турганын айтып, аскерлер эми чабуулун улантаарын жарыялаган. Ал арада немис канцлери Ангела Меркелдин Христиан демократиялык партиянын лидерлеринин бири Норберт Рөтген радиодо сүйлөп, Орусияга каршы жаңы санкция киргизүү-киргизбөө маселесин Евробиримдик 1-июлда карарын айтты.

XS
SM
MD
LG