Кыргызстанда оор жумушта иштөөгө мажбур болгон балдардын саны өсүүдө. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, 2012-жылы 96 бала катталган болсо былтыр 849 болду. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкекте иштейт.
Адистердин айтымында, балдар мектепке барбай көчөдө же базарда оор жумушка тартылып жатышына жалпы калктын жакырдыгы, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар жана балдарга карата зордук-зомбулук негизги себеп болууда.
Бүгүн Бишкекте бул маселеге арналган жыйын өтүп, балдарды пайдаланууга каршы аракеттер талкууланды.(RK)