Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Иракта атышууларга карабай парламент алгачкы сессиясына чогулду


Ирактын аскерлери түндүктөгү Тикрит шаарын сунни согушкерлеринен кайтарыш үчүн чабуулун улантып жаткан чакта жаңы парламент бүгүн алгачкы жыйынын өткөрүүдө. “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген “ал-Каида” менен киндиктеш топтун согушкерлери Тикритти жана ал аймактагы айрым жерлерди өткөн айда басып алышкан.

Жаңы парламент эми өзүнүн спикерин, премьер-министрди жана президентти шайлашы керек. Азыркы премьер Нури ал-Маликини сынчылар учурдагы кризиске алып келген диний ажырымды күчөткөн деп айыптап жатышат, бирок ал азыр үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууда.

Армиядагы айрым булактар кечээ өкмөттүк аскерлер Тикриттин четки райондоруна көзөмөлдү орнотушканын айтышты. Ал арада аймакка танктар менен оор артиллерия киргизилгени кабарланууда. Президент Барак Обама 30-июнда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Багдаддагы элчилигин коргош үчүн кошумча 300 аскер жиберип жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG