Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

Тажикстан Алматыдагы консулдугунда мигранттардын борборун ачат


Тажик мигранты Шымкенттеги миграция кызматында, 18-декабрь, 2011

Тажик мигранты Шымкенттеги миграция кызматында, 18-декабрь, 2011

Тажикстандын Алматыдагы консулдук кызматында тажик эмгек мигранттарына жардам бере турган борбор иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн Алматыда Тажикстан менен Казакстандын эмгек министрлери Сумангүл Тагоева менен Тамара Дүйсенованын жолугушуусунда айтылды.

Борбор качан ачылаары бирок такталган жок. Тажик министри Тагоеванын айтымында, Казакстан тажикстандык мигранттар эң көп иштеген Орусиядан кийинки экинчи мамлекет болгондуктан, өкмөт бул жерде өз жарандарына жардам берүүнү туура көрдү. Дүйсенова болсо өлкөдөгү мигранттардын абалын жакшыртуу үчүн Казакстан мыйзамдарын жакшыртууга аракет кылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG