Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Евробиримдик азырынча Орусияга жаңы санкция киргизбейт


Шаркетке мүчө 28 өлкөнүн элчилери маселени бүгүн Брюсселдеги жыйынында талкуулашты. Алар Украинадагы абалды "өтө чырмалышкан" деп баалап, азырынча ал үчүн Москвага каршы санкция жарыялабай турууну чечишти.

Дипломаттар бирок ушул тапта “өкмөттөр жаңы жазаналарга даярдыкты күчөтүшөт” деп чечишкени кабарланууда. Айрым маалымат булактары элчилер кырдаалды талкуулаш үчүн 7-июлда кайрадан жыйынга чогулушаарын, эксперттер азыр айрым адамдарга жана ишканаларга каршы санкцияларды даярдап жатышканын айтышат.

27-июнда Евробиримдиктин лидерлери Орусия Украинага карата саясатын өзгөртүү үчүн үч күн убакыт берген, болбосо, мурдагыдан да катаал жазаналар киргизилерин айтышкан. Азырынча шаркет Орусиядагы жана Украинадагы 60дай адамга жазана жарыялаган.

XS
SM
MD
LG