Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Грузиянын мурдагы аскер полициясынын жетекчиси камалды


Григорий Дгебуадзе Грузиянын суранычы боюнча Голландияда кармалган. Тбилисиде Башкы прокуратура бүгүнкү билдирүүсүндө айткандай, ушул тапта алар Дгебуадзени экстрадициялоо үчүн даярдыктарды көрүп жатышат. Грузин бийликтери аны “кызмат абалынан кыянат пайдаланган, бирөөлөрдү мыйзамсыз камаган, кыйноолорду уюштурган” деп айыптап, былтыр мартта эл аралык издөө жарыялашкан. Дгебуадзе 2012-жылы ал таптагы президент Михаил Саакашвилинин партиясы шайлоодо утулганга чейин Грузиянын Аскер күчтөрүнүн биргелешкен штабынын полиция башчысы болуп турган. Саакашвилиге жана анын жакын санаалаштарына каршы иликтөөлөр ачыла баштаганда Дгебуадзе өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG