Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Чет өлкөдө паспортун жоготкон жарандарга жардам берүү каралды


1-июлда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев атайын кеңешме өткөрүп, чет өлкөлөрдө паспортун жоготуп алган мигранттардын маселесин чечүүнү жеңилдетүүнү тапшырды. Орусияда мигранттар документин жоготуп алган учурда Орусиянын ички иштер министрлигинен документин жоготкону тууралуу маалымдама алыш керек. Анын негизинде мигрант кыргыз элчилигинен үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүк берген документ алат.

Бирок орус тартип коргоо органдары көп учурда маалымдама берүүдөн баш тартып, документсиз калган жарандар оор түйшүктөргө кабылууда. Маалыматка караганда, өткөн жылдын үч айында эле Орусияда 1100 кыргыз жараны паспортун жоготуп алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG