Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Төрт мамлекеттин министрлери Украина кризисин сүйлөшөт


Франциянын дипломатиялык булактарынын кабарлоосуна караганда, Орусия, Германия, Франция жана Украинанын тышкы иштер министрлери 2-июлда Берлинде чогулуп, Украина кризисин талкуулашат. Он күнгө созулган жарашуу мөөнөтү аяктаган соң өкмөттүк күчтөр Украина чыгышындагы жикчилдерге каршы чабуулун кайра баштады. Орус президенти Владимир Путин согуш үчүн жоопкерчилик президент Петро Порошенкого жүктөлдү деп билдирди:

- Буга чейин Петр Алексеевич кандай болгон күндө да аскердик аракеттерди баштоого буйрук берүүгө түздөн-түз тиешеси болгон эмес. Эми ал жоопкерчиликти толук алды. Аскердик гана эмес, саясий дагы. Саясий жагы маанилүүрөөк.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө аскердик операцияны улантуу украин мамлекетин оор кесепеттерге алып келерин эскерткен. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG